Лизун коррупция иши боюнча СИЗОго камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту коомчулукка Лизун деген каймана аты менен белгилүү болгон С.У. аттуу жаранды камакка алуу чечимин чыгарды.
Соттун маалыматына ылайык, 4-августта Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары — ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин камакка алуу өтүнүчү канааттандырылган.
Шектүү 15-августка чейин №1 тергөө абагына киргизилди. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өтүүдө.С.У.нун кармалганы тууралуу маалымат 6-августта белгилүү болгон.
Ага чейин «Лизун» деген каймана ат быйыл февраль айында Бишкек шаарындагы УКМК башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбеков кармалгандан кийин маалымат каражаттарында айтылган.Анда Лизун башка адамдар менен бирге Жакыпбековду колдогон, «Эдунун кырк чоросу» деп аталган топтун мүчөсү экени кабарланган.



