Коом

STEM предметтери боюнча жаңы стандарттар иштелип чыкты

Он эки жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдык көрүү алкагында STEM багытындагы предметтерматематика, физика, химия, биология, информатика жана география боюнча жаңыланган предметтик стандарттар иштелип чыкты.

Бул ишти Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) координациялаган. Ишке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 37 эксперт катышкан, алардын арасында КББАнын илимий кызматкерлери, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Республикалык институттун адистери жана чоң тажрыйбасы бар мугалим-практиктер болгон.

Жаңы стандарттардын долбоорлору КББАнын илимий кеңешинде каралып, учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына бекитүүгө жөнөтүлдү.

STEM предметтеринин мазмунун жаңылоонун максаты – замандын талаптарына жооп берген жана окуучуларды реалдуу жашоого, эмгекке даярдаган окутуу ыкмаларын калыптандыруу.

Бул иштер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун колдоосунда жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button