Түп, Ак-Суу райондору жана Каракол шаарында 5 жылда эмнелер жасалды?

13-ноябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты. Бул туурасында Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык көбөйгөн.
Бул мезгил аралыгында райондо мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана спорттук объектилерди камтыган 128 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да олуттуу иштер жүргүзүлүп, 193,5 чакырым жол асфальтталган.
Учурда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда. Алардын катарында «Күрмөнтү» цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу бар.
Ак-Суу районунда акыркы беш жылда инвестициялардын көлөмү жана өнөр жай өндүрүшү өскөн. Жеке ишкерлердин саны дээрлик 40%га көбөйүп, жаңы өндүрүш ишканалары ачылган.
Туризм тармагында да оң динамика байкалууда: бул мезгилде туристтердин саны сегиз эседен ашык көбөйгөн. Жол инфраструктурасын жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын өнүктүрүү иштери улантылууда.
Райондогу эң ири келечектүү долбоорлордун бири — тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап инфраструктураны түзүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыздоого багытталган «Ала-Тоо Резорт» улуттук туристтик комплекси.
Каракол шаарында 2026-жылы инвестициялардын көлөмү 9,5 млрд АКШ долларына жетип, 2021-жылдагыга (1,2 млрд доллар) салыштырмалуу 8 эсеге өскөн. 2026-жылдын 9 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6 млрд сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
Социалдык объектилерди куруу багытында бөлүнгөн 435,1 млн сомго 6 бала бакча, 3 мектеп жана 1 китепкана куруу каралган. Мындан тышкары, социалдык объектилерди реконструкциялоого 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул иштердин алкагында 8 бала бакча жана 6 мектепти реконструкциялоо камтылган.
Өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн алкагында шаарда жаңы өндүрүш объектилерин түзүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. 33 объектинин жалпы наркы 349,6 млн сомду түзөт. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 1155 жумуш орду түзүлгөн.
Шаардын инфраструктурасын жаңылоо алкагында автоунаа жолдорун куруу жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы жолдорду курууга 2,075 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттардын эсебинен 61,8 чакырым жаңы жол курулган.
Ошондой эле инфраструктураны модернизациялоонун алкагында Чек ара кызматынын №20-28 аскер бөлүгү жаңыланган. Долбоордун жалпы наркы 1,2 млрд сомду түзгөн.
Мындан тышкары, «Каракол» эл аралык аэропорту модернизацияланды. Долбоордун жалпы наркы 2,1 млрд сомду түзөт. Ошондой эле калкты транспорттук тейлөөнү жакшыртуу максатында 60 автобус сатып алынган. Муну менен катар 5 мектеп жана 5 бала бакча реконструкцияланган.



