Кызыктар

Кыргызстанда жаратылыш газынын жаңы кени табылды

Кыргызстанда жаратылыш газынын жаңы кени ачылды. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» компаниясы билдирди.


Майлуу-Суу аймагында табылган кендин запасы суткасына 40 миң кубометрден ашык газ өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул Кочкор-Ата шаарын жана анын тегерегиндеги айылдарды көгүлтүр от менен толук камсыздоого шарт түзөт.
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев белгилегендей, ишканада акыркы 10–15 жыл аралыгында мындай жогорку өндүрүмдүүлүктөгү газ булагы катталган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button