Коом

Бишкек мэриясы «Кыргыз темир жолу» менен өтмөк куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат

Бишкек мэриясы «Кыргыз темир жолу» менен Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүндөгү темир жолдо өтмөк куруу маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Мурда темир жол компаниясынын жетекчилиги сунушталган долбоорлорго макул болгон эмес. Бул тууралуу 13-ноябрда Бишкек мэриясынын Транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Абдыжапаркул Жанболотов «АКИpress» агенттигиндеги борбор калаадагы тыгын маселесине арналган тегерек столдо билдирди.

Эки участокко долбоорлор иштелип чыккан, аларды макулдашуу учурунда мурда «КТЖнын» жетекчилиги менен пикир келишпестик болгон.

«Быйыл Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүндө эки өтмөк куруу боюнча ийгиликтерге жетиштик. Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, балким, өтмөктөрдүн ордуна бир деңгээлдеги жол болушу мүмкүн», — деди Жанболотов.

Анын айтымында, Некрасов жана Логвиненко көчөлөрүндөгүдөй кыймылды уюштуруу жөнүндө сөз болуп жатат.

Андан тышкары, ал транспорттук түйүндөрдү куруу пландары тууралуу айтып берди. Атап айтканда, эки жылдын ичинде Баха [Садырбаев] жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде үч деңгээлдеги жол түйүнүн куруу пландалууда. Ошондой эле кийинки жылы Жаш Гвардия [Иманаалы Айдарбеков] жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол түйүнүн куруу пландалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button