Бишкекте Чүй мененен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги 3 павильон буздурулду

Бишкекте №12 мектептин жанындагы соода түйүндөрү, анын ичинде «Сладости Востока» дүкөнү демонтаждалды.
Объектилер Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, демонтажды Экологиялык кеңештин чечими менен Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
2025-жылдын 26-августунда Экологиялык кеңештин жыйынында аймактарында жашылдандыруу жана аймакты көрктөндүрүү иштери пландаштырылган борбор калаадагы мектептердин тизмеси бекитилген.
Аймак бошотулгандан кийин Свердлов райондук администрациясы жашылдандыруу жана аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзөт.
2025-жылдын 22-октябрында Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн, ошондой эле Гоголь менен Москва көчөсүнүн кесилиштеринде 18 соода павильону бузуу иштери башталган. 18 объектиден 15и демонтаждалып, 3 павильон сот териштирүүлөрү уланып жаткандыктан калтырылган.



