Кумтөр иши: Эмне үчүн кыргызстандык укук коргоочулар жана экологдор үн катпай жатышат?

Кечээ УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргызстандын мурдагы президенттери дагы жоопко тартылышы мүмкүн экендигин билдирди.
“Кумтөр боюнча кылмыш ишинин алкагында эч кандай саясий куугунтуктоо жок. Биз кылмышка тиешеси барлардын бардыгын жоопко тартууга милдеттүүбүз. Биз өз милдетибизди аткарабыз. Премьер-министрлер, спикерлер, депутаттар, жогорку кызмат адамдары бар. Биз айрым экс-президенттерди дагы жоопкерчиликке тартышыбыз мүмкүн, анткени алардын дагы буга түздөн-түз катышы бар. Президент Садыр Жапаров башында турган азыркы бийлик Кумтөрдүн, аферисттердин жана коррупционерлердин колундагы куурчак болбойт», — деди Камчыбек Ташиев.
Арбитраждык сот үчүн
Кумтөр кени өлкөбүздүн кызыкчылыгына гана иштеши үчүн Кыргызстандын бийлиги тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө олуттуу мамиле кылып жатканы айдан ачык. Демек, канадалык компания менен мурунку келишимдерге катышкан бардык чиновниктерди жана депутаттарды камакка алуу улантылат.
Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аларды арбитраждык сотто бир нерсе көрсөтүш үчүн суракка чакырып жатат.
— Азыр аларды бул схемаларды ачуу үчүн суракка чакырып жатат. Маалыматтар арбитраждык сот үчүн чогултулууда. Эгерде ушунун бардыгы сотто чыкса, анда КР сөзсүз түрдө утуп чыгат жана Centerra Gold Inc. кадыр-баркын жоготот. Ошондуктан алар кырдаалдан чыгуу үчүн жигердүү аракет кылып, эки башкы компанияны банкрот кылышкан. Ошого карабастан, Кыргызстандын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Баса, Centerra Gold Inc. мурда дагы ушинтип соттошуп, Монголия жеңип алган. Өзбекстан дагы британдык алтын казуучу компания менен соттошуп, сот жараяны дээрлик беш жылга созулса да утуп алган, — дейт эксперт.
Саясат таануучунун айтымында, Centerra Gold Inc. атайылап «КГК» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанини» банкрот болду деп чечим кабыл алган. Себеби банкрот болгон ишканаларга кандайдыр бир санкцияларды же соттун чечимдерин сунуштоо мүмкүн болбой калат.
Канадалык инвестор тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө каршы арбитраждык сот жараянына келсек, айрым эксперттер коркуп, бул сот жараянында Кыргыз Республикасынын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн өтө төмөн деп жатышат. Бирок, эгерде Кыргызстан биздин чиновниктердин, саясатчылардын, депутаттардын, президенттердин жакындары жана алардын шериктештери канадалык ишкерлерден Кумтөр боюнча келишимдерди узартуу же өзгөрткөндүгү үчүн кандайдыр бир тыйын-тыпыр алганын, Кумтөрдөгү бардык бүтүмдөр коррупциялык схемаларга негизделгенин далилдеп бере турган болсо, анда арбитраждык сотто жеңишке жетүү толук мүмкүн.
Укук коргоочулар кайда?
Акыркы эки жылдын ичинде Бишкекте коррупцияга каршы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын катышуусу менен митингдер болуп өттү. Ышка каршы нааразычылык акциясы Бишкек шаарынын тургундарынын шаардагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча бийликтин аракетсиздигине реакциясы болду.
Өлкөдөгү Кумтөр окуясы боюнча болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу коомчулук коррупциянын эбегейсиз масштабы жана айлана-чөйрөгө тийгизген залакасы жөнүндө билгенден кийин, буга чейин айлана-чөйрөнү коргомуш болуп күйүп-бышып келген укук коргоочулардын баарынын унчукпай турганы түшүнүксүз. Чындыгында, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Динара Кутманованын айтымында, 1995-жылдан бери Кумтөр кенин иштетүүдөн улам эки мөңгүдөн — Давыдов жана Лысыйдан 178 миллион кубометр муз талкаланган.
«178 миллион куб метр муз бузулуп, эч качан калыбына келтирилбей турган муздун кору жоголгон. Ордун толтуруучу жана орду эч качан толгус мыйзам бузуулар бар. Белгилүү болгондой, мөңгүлөр миңдеген жылдар бою пайда болуп келген. Биз мөңгүлөрдү азыр кайтарып бере албайбыз», — дейт ал.
Ата мекендик экологдордун жана укук коргоочулардын «кың дебей» отурганын Тилекмат Аке ФФнын башчысы Тилек Усупов VB.KGнин редакциясына буларды айтып берди.
— Ачык айтканда, бул мени дагы таң калтырат. Башкача айтканда, Бишкектеги түтүн, кыйылган бак-дарактар менен уран шахталары үчүн чоң митингдер уюштурулуп, коррупция, мамлекетибизге зыян келтирүү, талкаланган мөңгүлөр жана ууланган суу жөнүндө сөз болгондо, эч ким унчукпай турат. Батыштын гранттары менен жашап жаткан биздин укук коргоочулар жана экологдор Канаданын жана Британиянын элчиликтери менен тилектештигинен улам Канада өкмөтүнүн бизге билдирген нааразычылыгынан улам «унчукпай» жатышат деп ойлоно баштадым», — деди ал.
Булак: VB.kg сайты



