Окуялар

Оренбургда Кыргызстандан барган 230 литр кымыз жок кылынды

Оренбург облусунда чек арачылар кычкыл сүт азыгы – кымызды кармашты. Бул тууралуу Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.

Ветеринардык текшерүүнүн жүрүшүндө Оренбург облусу боюнча Россия ветфиткөзөмөл кызмат башкармалыгынын адистери 230 литр өлчөмүндөгү кымыз Кыргызстандан ветеринардык коштомо документтерсиз алынып келингендигин аныкташкан.

Жыйынтыгында кармалган кымыз азыгы жок кылынган. Жүк ташуучулар административдик жоопкерчиликке тартылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button