Окуялар

Кочкордон дайынсыз жоголгон 11 жашар Айтурган Бишкектен табылды

Нарын облусунда дайынсыз жоголгон 2010-жылкы Сыдыкова Айтурган аман-эсен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз 6-июнда Нарын облусунун Кочкор районундагы үйүнөн чыгып Бишкекке келип, дайынсыз болуп жаткан.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бүгүн, 8-июнда кыз Батыш автобекетинен алыс эмес жерден табылып, райондук милицияга жеткирилген.

“Азыр анын ата-энеси жанында, жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциянын кызматкерлери алдын алуу иштерин жүгүзүшүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button