Коом
«Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткендер менен кандай күрөш болору айтылды

Автоунаа менен койдуруп кеткендерден сактоо боюнча иштерде «Тазалыктын» дээрлик бардык кызматкерлери камсыздандырылган, мындан сырткары, аларга ачык түстөгү күрмөлөрдү берүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу муниципалдык «Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиев билдирди.
«Бул өтө чоң көйгөй. Былтыр мындай үч кырсык болгон. Тилекке каршы, эки окуя адам өлүмү менен аяктады. Биз өңү бир топ ачык жумушчу күрмөлөргө өтүүгө ниеттенип жатабыз. Бул идеяны Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктын кызматкерлеринен, алардын формасынан алдык», — деди Алиев.



