Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков камакка алынды

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-вице-премьер Алмазбек Баатырбековдун бөгөт чарасы тандалып, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эки саясатчы тең 31-июлга чейин УКМКнын абагында болот.
Экс-саясатчыларды УКМК бүгүн Кумтөр ишине байланыштуу кармаган.
Баатырбеков 2012-жылы эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы, ал эми Нарымбаев президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган.
Ал арада УКМК Нарымбаев менен Баатырбеков Кумтөр ишинин алкагында Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде кармалганын тастыктады.
Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.



