Коом

Бишкекте жасалма интеллект менен иштечү жол чырак орнотулду

Бишкекте унаа кыймылын жасалма интеллектинин жардамы менен башкаруучу жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.


Жаңы система Жеңиш проспекти менен Калинин көчөсүнүн кесилишине коюлду. Ал унаа агымына жараша жол чырактын иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алары айтылды.
«Мисалы, солго бурулчу унаалар көбөйсө, система кошумча тилкени да солго багыттайт. Өзгөрүү тууралуу айдоочуларга кесилиштеги LED-экрандар маалымат берет», — деп айтылат билдирүүдө.
Система азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Ал камералар аркылуу унаа агымы боюнча маалымат чогултуп, кайсы багытта жана кайсы убакта автоунаалар көп топтолорун талдап жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button