Коом

14 — ноябрга карата аба ырайы

Республиканын айрым аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүлүп, тоолуу райондорго кар түшсө, кээ бир облустарда жаан-чачын катталбайт. Кыргыз гидрометеорология кызматынын маалыматына таянсак, ишемби күнү мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерди туман каптайт.

  • ​Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшүүсү күтүлөт. Аймакта аба ырайы катаалдашып, Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши ыктымал. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок синоптиктер түнкүсүн жана эртең менен республиканын айрым жолдорун коюу туман каптай турганын эскертип, айдоочуларды сактыкка чакырат.
  • ​Чүй өрөөнү: +4…+9°C
  • ​Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары: +8…+13°C
  • ​Талас, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрү: +3…+8°C
  • ​Бишкек шаары: +6…+8°C
  • ​Ош шаары: +11…+13°С

Тектеш кабарлар

Back to top button