Саясат

ВИДЕО: Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы президенттин Сарайынын панорамасында жылуу маанайда баарлашты. Кыргызстандын лидери коштошуп жатып түркиялык кесиптешин дагы өлкөгө иш сапар менен келип кетүүгө чакырды», — деп жазган Султанбаев.

Белгилей кетсек, Жапаров Түркияга болгон расмий иш сапарын алкагында күн мурун Режеп Тайып Эрдоган менен Анкара шаарында расмий жолугушуп, бир катар документтерге кол кошкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button