Коом
Депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокат РИИБнин кызматкерлерин куттуктады

Бүгүн, 2024-жылдын 1-ноябрь — Милиция кызматкерлеринин күнү жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокат РИИБнин кызматкерлерин жана ардагерлерин жеринде куттуктады.

Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу ардагерлер менен жолугуп, “Бүтүндөй мамлекеттин, жалпы коомчулуктун, ар жарандын таламын коргоо милдети жүктөлгөн милиция кызматкерлеринин иши оңой эмес. Анткени, кыргыз милициясы – коомдук тартип сакчылыгында турган зор күч. Баарыңыздарга чың ден соолук, майрамдык маанай, ишиңерде ийгилик каалайм”,-деди.
Канча жыл эл кызыкчылыгын, журт тынчтыгын коргоп, талыкпай иштеген ардагерлерге, ошондой эле учурда иштеп жаткан алдыңкы кызматкерлерге Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык катын тапшырды.



