Коом

22-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 22-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button