Дүйнө

Нью-Йоркто ICE кызматкери баласы менен жүргөн эркек кишини аткандан кийин нааразылык акциялары башталды

АКШнын Манхэттен аралынын түндүгүндөгү Марбл-Хилл районунда 8-октябрда Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери 28 жаштагы эркек кишиге ок чыгарып, аны жарадар кылышкан. Бул тууралуу The Wall Street Journal жана CBS News басылмалары кабарлашты.

Күбөлөрдүн айтымында, ICE кызматкерлери ок чыгарган эркек кишинин жанындагы унаада анын беш жаштагы баласы болгон. Жарадар болгон адам ооруканага жеткирилген.

Нью-Йоркто ICE кызматкерлерин шаардан чыгарууну жана жарадар болгон адамды камактан бошотууну талап кылган нааразылык акциялары башталды. Нью-Йорктун мэри Зохран Мамдани да кызматкерлердин аракеттерин айыптады.

ICE кызматы баш ийген АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Марбл-Хилл районунда Доминикан Республикасынан келген иммигрантты кармоо операциясы жүргүзүлгөнүн билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, ал «өлкөгө мыйзамсыз кирген кылмышкер» болуп саналат. Бирок министрлик ок атуу окуясынын жагдайлары тууралуу башка маалыматтарды берген жок.

Акыркы бир жарым жылда ICE кызматкерлеринин мыйзамсыз мигранттарга каршы жүргүзгөн операциялары күч колдонуу жана эрежелерди бузуу боюнча бир нече жолу сынга кабылды. Кызматкерлердин аракеттерине каршы ар кайсы шаарларда нааразылык акциялары өтүп келген.

Эң ири акциялар жыл башында Миннеаполис шаарында болуп, анда ICE кызматкерлери эки демонстрантты өлтүрүшкөн. Сентябрь айында Техас штатында да нааразылык акциялары өтүп, анда ICE кызматкери бир адамды жарадар кылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button