Саясат
Бабановдун тарапташтары Ак үйдү көздөй бара жатышат

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Бабановду камакта калтырды.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Бабановду 31-июлга чейин УКМКнын абагына камакка алуу тууралуу чечим чыгарган болчу. Шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Өкүм чыккандан кийин соттун алдына чогулган Бабановдун тарапташтары Ак үйдү көздөй жөнөштү.



