Коом

Бишкекте 10 жаңы билим берүү мекемеси ачылды. Тизме

Бүгүн, 6-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн режимде 20 социалдык объектинин ачылыш аземи өттү.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан №83 жалпы билим берүүчү мектебинин кошумча корпусу ачылды.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

«Ырыс Малик» ЖЧКсы тарабынан курулган №83 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу 1 200 окуучуга ылайыкталган. Имаратта 40 окуу кабинети, эки компьютердик класс, спорттук жана бий залдары, китепкана, ашкана, актовый зал, медициналык пункт жана башка зарыл бөлмөлөр каралган.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жалпысынан 10 билим берүү мекемеси ачылды:

«Дордой» конушундагы №94 мектептин кошумча корпусу.

«Ак-Ордо» конушундагы №125 мектеп;

«Красный Строитель» конушундагы №32 мектептин кошумча корпусу;

«Киркомстром» конушундагы №42 мектептин кошумча корпусу;

«Кашка-Баш» конушундагы №124 мектеп;

«Арча-Бешик» конушундагы №79 мектептин кошумча корпусу;

№83 мектептин кошумча корпусу;

«Калыс-Ордо» конушундагы №86 мектептин кошумча корпусу;

«Өскөн-Ордо» конушундагы №120 мектеп;

«Көк-Жар» конушундагы №122 мектеп;

Тектеш кабарлар

Back to top button