Коом
Баткен чек ара отряды 27 жылдыгын белгиледи

Баткен чек ара отрядынын түзүлгөндүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, чек ара кызматкерлерин куттуктады.
Облус башчысы өз сөзүндө мамлекеттик чек араны кайтаруу — өлкөнүн коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана элдин тынчтыгын камсыз кылган ардактуу жана жооптуу милдет экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Баткен чек ара отряды 1999-жылдын 6-октябрында түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек араны кайтарууда маанилүү кызмат өтөп келет. Чек арачылар татаал кырдаалдарда Мекенди коргоп, өздөрүнүн аскердик антына бекем туруп келишкен.



