Кыргызстанда күйүүчү май башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Тизме

Пандемиядан кийин дүйнө жүзүндө дары-дармек, азык-түлүк, күйүүчү май жана башка адамдын жашоо-тиричилигине керектелүүчү баардык нерселер кымбаттай баштады. Алардын арасында Кыргызстан да куру калган жок. Бирок, тилекке жараша башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда күйүүчү мунай затынын баасы кыйла арзан жана ага карата таңкыстык жок.
Мисалга алсак, Россияда күйүүчү майдын баасы үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери АИ-93 майы дээрлик 90 %га, ал эми АЗС 41 %га кымбаттаган.
Ал эми 2021-жылдын 1-июнуна карата АИ-92 майынын тоннасы 360доллардан 670 долларга чейин көтөрүлүп, дээрлик 86%ды түзгөн, бул орточо эсеп менен бир литр май 19,3 сомго кымбаттады.
Ал эми дизелик май болсо тоннасы 400 доллардан 600 долларга өсүп, 50 %га көтөрүлсө, ошондо бир литр күйүүчү май 14,6 майга кымбаттаган.
Мунай иштеп чыгаруучу заводдогу баалардын өскөнүнө карабастан, жыл башынан бери биздин өлкөдө баалар төмөндөгүдөй болгон:
— АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы январь айынан бери 35,7 сомдон июнга чейин 50,4 сомго кымбаттаган. Ошондо жалпы жонунан 14,7 сомго кымбаттап, 41% га көтөрүлгөн.
— дизелдик май болсо январдан баштап 36,1 сомдон июнга чейин 46,1 сомго кымбаттаган, башкача айтканда 10 сом кошулган, бул 28 %га көтөрүлгөн.
2021-жылдын башынан бери нефтини кайра иштетүүчү заводдордун сатуу бааларынын жогорулашы мунай затына жана мунай заттарына суроо-талаптын глобалдык калыбына келишине байланыштуу.
Россия Федерациясындагы сатуу бааларынын жана ресурстардын жогорулашына байланыштуу кыйын кырдаалга карабастан, мунай сатуучулар Кыргызстанды үзгүлтүксүз күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоону жана социалдык багыттагы баа саясатын карманууну улантышууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстанга 557,7 миң тонна мунай зат импорттолгон, анын ичинен бензин — 336,7 миң тонна, дизелдик отун — 221,0 миң тонна болгон.

Кыргызстандагы май куюучу жайлардын бааларын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана жакынкы КМШ өлкөлөрүндөгү баалар менен салыштырмалуу талдоосу
Кыргызстандагы май куюучу бекеттердин учурдагы чекене баасы мурдагыдай эле ЕАЭБ жана Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу КМШ өлкөлөрүнө күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу өлкөлөрдүн арасында эң төмөн бойдон калууда. Баалардын айырмасы АИ-92 бензини үчүн орто эсеп менен литри 10 сом, ал эми жайкы дизелдик отун үчүн литри 16 сомдон ашат.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы күйүүчү майдын көлөмү ташылып келген Россия Федерациясындагы чекене баалардан төмөн. Бул Россиядан күйүүчү-майлоочу майларды пошлинасыз жеткирүүнүн аркасында мүмкүн болду. 2021-жылдын башынан бери пошлиналык жыйым болжол менен 7,5 млн АКШ долларын түздү.
Учурда Кыргызстандагы май куюучу жайларда бензиндин баасы дүйнөдөгү орточо баадан эки эсе төмөн. Эл аралык GlobalPetrolPrices.com рейтингинин маалыматтары боюнча, 2021-жылдын 31-майына карата дүйнөдө бензин тобунун орточо баасы литри 1,18 доллар болсо, Кыргызстанда литри 0,628 доллар болгон. Дүйнөнүн 169 өлкөсүндөгү орточо бааларды талдаган бул рейтингге ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майдын наркы боюнча канчанчы орунда экенин көрүп алыңыз:
-суюлтулган газдын наркы боюнча 4-орунда,
-дизелдик отундун баасы боюнча 22-орунда,
-бензиндин баасы боюнча 25-орунда (169 мамлекеттин ичинен).
GlobalPetrolPrices.com рейтингине ылайык, Кыргыз Республикасы арзан күйүүчү май боюнча импортко көз каранды өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунду ээлегенин белгилей кетүү маанилүү. Алдыңкы жыйырмага кирген башка өлкөлөр мунай өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар. Мисалы, бул Венесуэла, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка өлкөлөр.
Кыргызстанга мунай заттарын жеткирүүнү диверсификациялоо
Кыргызстандагы мунай сатуучу компаниялар Кыргызстанга мунайзат продуктыларын альтернативдик камсыздоочуларды издеп келишет. Бирок, Россиядан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү экспорттук пошлиналарды төлөбөй, башкача айтканда, дүйнөлүк баалардын деңгээлинен арзандатуу менен жүзөгө ашырылаарын эске алуу керек.
Эч бир өлкө бизге мындай жеңилдиктерди бербейт. Башка потенциалдуу жеткирүүчүлөр (Түркмөнстан, Иран, Азербайжан) мунай заттарын дүйнөлүк биржалык баада сатышат. Казакстан экспорттук пошлинаны төлөп сатат. Бул жагынан алганда, алардын сунуштары экономикалык жактан пайдалуу эмес жана россиялыктарга салыштырмалуу атаандаштыкка туруштук бере албайт.
Андан тышкары, Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстанда күйүүчү-майлоочу материалдарды Казакстанда ички баада сатуу боюнча туура эмес деп эсептейт. Казакстанда мунай зат продуктыларынын ички баасы пайдалуу эмес жана өз калкы үчүн багытталган — мунайды кайра иштетүүдөн келип чыккан жоготуулар Казакстан Республикасынын мунайды сатуудан түшкөн кирешесинен субсидияланат.




