Окуялар
Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркаган

Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Aristo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1994-жылы туулган З кызы Н. аттуу аял киши жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


