Коом

Вице-мэр Бишкекте бир суткада 1490 кишиден COVID табылган себебин түшүндүрдү

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева эмне себептен өткөн суткада 1 490 кишиден коронавирус табылганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, лабораторияларда бир нече күндөн бери күмөн санаткан анализдер кармалып турган.

«Алардын бардыгы чогултулуп, бир күндүн статистикасына чыгып калды», — деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, абал чындап эле оор, бирок ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетиштүү. Жарандарга 118 кызматы консультация берип, 34 мобилдик бригада иштеп жатат.

Эске салсак, акыркы суткада өлкө боюнча 1 965 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинен 1 490у Бишкек шаарында экени белгилүү болду. Бул COVID пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button