Кыргызстанда бир суткада 1392 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 392 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 803, Ош шаарында – 78, Чүй облусунда – 197, Ош облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 97, Баткен облусунда – 83 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 616 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 258, Ош шаарында – 112, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 101, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 16 адам», — деп айтылат билдирүүдө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Баткен облусунда -2, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 353 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 55 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 337 бейтаптын абалы орто оордукта, 1003 адамдын абалы оор жана 188 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 46 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 454 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 902 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 126 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 110 миң 698 киши айыгып чыкса, 2 миң 9 адам каза болду.



