Коом

Видео: Алдыдагы кыш кыргызстандыктар үчүн эң оор болот

Алдыдагы кыш кыргызстандыктар үчүн эң оор болот, деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде.

Чиновниктин айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ азайды.

«Өткөн жылы 12,4 миллиард метр куб суу топтолгон, ошондо да жетишсиз деп айтканбыз. Эми дагы 1,6 миллиард метр кубга азыраак топтолду. Бул дагы азыраак электр энергиясы өндүрүлөт дегенди билдирет», — деп билдирди Таалайбек Ибраев

Ошону менен бирге министр белгилегендей, 2028-жылга карата кыргызстандыктар кубаттуулуктун жогорулашына байланыштуу электр энергиясын «чектөөсүз же керексиз эсептерсиз» пайдалана алышат.

Булак: «Кабар» маалымат агенттиги

Тектеш кабарлар

Back to top button