Коом

«Ала-Тоо» аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды

Борбор калаадагы «Ала-Тоо» аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Пункт Курманжан датканын эстелигинин алдында жайгашкан. Вакцина алууну каалаган жарандар бүгүн саат 17:00дөн тарта барып медиктерге кайрылса болот. Ал жарандын жанында паспорту болушу керек.

Мэрия коронавирустун жайылышына бөгөт коюунун эң эле натыйжалуу ыкмасы вакцина алуу экенин эскерет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июлда, Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm препараты алып келинди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button