Каныбек Осмоналиевдин жакындарына эч кандай кысым болгон жок

Жакында парламенттин экс-депутаты, экс-билим берүү министри, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун кеңешчиси Каныбек Осмоналиев ММК булактарына билдирүү жасап, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганын, ага карата катуу кысым болгонун айткан эле.
Бул тууралуу Каныбек Осмоналиевдин өзү менен байланышууга мүмкүндүк болгон жок. Анын бир тууганы Жарасул Осмоналиев менен байланышып, окуянын чоо-жайы тууралуу Abal.kg маалымат булагы пикирин билдик.
Жарасул Осмоналиев менен байланышканыбызда ал “мен өз ордумда иштеп жатам, уулу да, аялы да иштеп жатат. Эч кандай кысым болгон жок”-, деди.
Каныбек Осмоналиевдин эмне себептен мындай жазганын түшүнбөй жатканын айтты.
“Мен Касмамбетов, Букуевдер менен сүйлөшүп эле жатам. Алар да таң калып жатышат. Ал эми бизде баары жайында, баардыгыбыз өз ордубузда эле иштеп жатабыз, эч кандай кысым болгон жок, — дейт Жарасул Осмоналиев.
“Ал интернет булактарына минтип жазбашы керек эле. Балким фейсбуктагы аккаунтуна анын атынан башкалар жазышы ыктымал деген божомолдор бар», — деди Жарасул мырза.
Жарасул Осмоналиев Ошто болгондуктан бир тууганы Каныбек Осмоналиев менен байланыша албай жатканын, телефондору өчүк экенин, жакында бул тууралуу толук маалымат бере турганын кошумчалады.



