Коом
Манаста курулуп жаткан беш мектеп октябрда пайдаланууга берилет

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан алты мектептин иши менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алардын арасында №13 мектептин 528 орундуу кошумча корпусу, Чолок-Теректеги №29 жана Ак-Тилек кичи шаарчасындагы №16 мектептердин 375 орундуу жаңы имараттары, ошондой эле №15 мектептин 750 орундуу жаңы имараты жана №5, №21 мектептердин 375 орундуу кошумча корпустары бар.
Текебаев курулуштун сапатына жана мөөнөтүнүн сакталышына көңүл буруп, объектилерди сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Белгилей кетсек, алты мектептин бешөөнү 15-октябрда, ал эми №15 мектептин жаңы имараты жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.



