Саясат

БШК: Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо «Түндүк» аркылуу өтөт

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараяны «Түндүк» тиркемеси аркылуу өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиркеме «Кол топтоо» системасы менен биргеликте иштейт. «Түндүк» шайлоочунун өздүгүн тастыктоо үчүн колдонулат.

«Электрондук форматка өтүү кол топтоо жана аны эсепке алуу жараянын автоматташтырууга, кагаз түрүндөгү документти азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө шарт түзөт», — деп билдиришти БШКдан.

Комиссия кошумчалагандай, талапкерлер чогулган колдордун саны тууралуу ыкчам маалымат алып тура алышат. БШКнын баамында, бул ошондой эле жараяндын ачык-айкындуулугун камсыздоого тийиш.

Тектеш кабарлар

Back to top button