Окуялар

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда автокырсык болуп, бир киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жолдун 32-чакырымында, тагыраагы, Чырпыкты айылында Toyota RAV4 жана Toyota Yaris автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинде бир кыз каза болду. Мындан тышкары үч адам жабыркаган.

Ал жерге үч куткаруучу барып, каза болгон кыздын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды Тез жардам алып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button