Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун соту башталды

Кечээ, 11-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда ЖКнын мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун ишинин биринчи отуруму болуп өттү. Анын жактоочусу ишти кароодон баш тартканын айтып, жактоочусуз катышкан.
Султанбай Айжигитов жакында эки жолу операция болгонун белгилеп, соттук отурумду эки жумага жылдырууну суранды. Сот өтүнүчтү канааттандырбай, кийинки соттук отурумду 12-сентябрга белгилеп, соттолуучу тарапка тез арада жактоочу табуу милдеттендирилди.
Эске салсак, апрель айында УКМК Айжигитовго жана анын жубайы Гүлзат Жолдошовага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга депутаттын жубайынын парламент аппаратына орношкондугу себеп болгон.
Буга чейин Айжигитов парламент жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча чечимди сынга алып, УКМКнын төрагасы менен айтышкан.



