Коом
Мэрия бишкектиктерди бет кап тагынууга чакырат!

Анын себеби — күч алып жаткан сасык тумоо. Жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин борбордо 78 656 учур катталган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 288 учурга көп.
Тумоологондордун көбү жаш балдар (48 миң 287 учур).
Мэрия поликлиникалар дем алыш күндөрү да иштеп, нөөмөттө турган дарыгерлер болорун эскертти. Сасык тумоо белгилери байкалган балдарды мектептерге жана бала бакчаларга жибербөө сунушталды.
@abal-kgg



