Коом
Бишкек — Жалал-Абад авиакаттамынын саны көбөйтүлдү
Эми Бишкектен Жалал-Абад шаарына күн сайын учууга болорун «Манас» эл аралык аэропорту кабарлады.
«2023-жылдын 8-мартынан тарта ата мекендик TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. Самолёттор жумасына жети жолу учат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.



