Адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Москва районунда 55 жаштагы улгайган адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы 31-июлда түнкү саат 03:00дө Москва районундагы Беловодск айылында белгисиз айдоочу 55 жаштагы А.И.ны жөө өтмөктөн сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.
Москва райондук милициясынын ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышкер 2021-жылы 1-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун жардамы менен кармалган, ал 1988-жылы туулган Талас облусунун тургуну Р.Т. болгон.
Учурда кармалган айдоочу Москва райондук ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди, ал эми “Мерседес-512” унаасы айып аянтчасына токтотулган.


