Окуялар

Ысык-Көлдө жоголгон турист кыздын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон туристтин сөөгү 1-августта табылды. Ал 15-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Тек-жайы такталып, милицияга өткөрүлүп берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Орусиянын жараны, теги казакстандык 29 жаштагы Варвара Конопасевич үй-бүлөсү менен Каракол-Ала-Көл жайлоосуна эс алууга келген. Отун тергени кеткен бойдон дайыны чыкпай калган.

Издөө иштери тоолордо, дарыялардын жээгинде жана токойдо жүргүзүлдү. Сөөгү Каракол суусунан табылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button