Коом

Акаев учурда Бишкекке келип, сурак берип жатат. УКМКнын билдирүүсү

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.

«Акаев «Кумтөр» келишиминдеги коррупциялык иштер боюнча ошол кездеги башка кызмат адамдары сыяктуу эле кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраагы, ал президент кездеги бул коррупцияга катыштыгы бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат толукталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button