Коом

Ноокаттын жаңы жасалган жолуна асфальтты ылайдын эле үстүнө куюп койгонбу?

Интернет желелеринде Ноокат жолу сапатсыз салынган делген видео тарады. 

Анда автор:

Бул 31-августта колдонууга берилген Ноокаттагы жапжаңы жолдун абалы. Асфальт 5 күндө үбөлөнүп, чөгүп, ал тургай жыртылган жеринен топурак көрүнүп калганын байкоого болот.

Видеонун автору жаңы жолдун мындай тешиктери дагы 3 жерде бар экенин айткан.

Ал эми Транспорт министрлиги азырынча асфальттын биринчи катмары гана төшөлгөнүн, жакында экинчи катмары басыларын билдирген. 

Оштон Баткенге бараткан негизги жолдун Ноокат районунун аймагындагы 50 км тилкесинин тамтыгы чыгып калган. Бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Буга чейин Камчыбек Ташиев Ноокат жолу бүтпөсө 1-сентябрда транспорт министри Тилек Текебаев иштен кетерин айткан болчу. Министрлик жолдун эң көйгөйлүү болуп жаткан 13 чакырымын 30-августта бүтүргөнүн, тапшырманы өз убагында аткарганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button