Коом
Социалдык тармактарда «Чуркап өт же өл» деген видео тарап, өспүрүмдөр арасында оюнга айланууда
Анда балдар жакындап келе жаткан автомашинанын астынан чуркап чыгып, өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышат. Бул тууралуу ЖКККБ маалымдап, ата-энелерге кайрылды.
Мекеме балдардын смартфонун текшерүүнү сунуштап, алар менен сүйлөшүү зарылдыгын эскерткен.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө оюнга байланышкан учур болгон эмес, бирок Казакстанда бир окуя катталган.



