Спорт

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан.

Чейрек финалда кыргызстандык спортчу румыниялык Криста Инценин далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.

Жарым финалда Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилип калып, Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова коло байке утту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button