Коом

Темир Сариев эки айга камакка алынды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевге  баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

«Темир Сариев Биринчи Май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 3-август күнү мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалган. УКМК Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button