Саясат
Арзыбек Кожошев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Адылбек Касымалиев дайындалды
КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кожошев Арзыбек Орозбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Касымалиев Адылбек Алешович милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.



