Коом
Ак-Суу капчыгайында сөөгү табылган кишинин өлүмүнө шектүү адам кармалды

Ак-Суу капчыгайындагы кишинин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 10-июлда жайыттан киши колдуу болгон 55-60 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Бул боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») менен сотко чейинки териштирүү башталган. Кийин милиция шектүүнү аныктап, издөө жарыялаган.
«Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 54 жаштагы Н. А. аттуу жаран кармалды. Ал Москва райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү Бишкек шаарында жашырынып, селсаяк болуп жүргөнү аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми өлтүрүлгөн жарандын ким экени азырынча тактала элек. Алдын ала маалымат боюнча, экөө тең малчы болчу.



