ЖК Кара-Балтадагы абаны булгап жаткан «Азия сталь» заводунун ишин текшерүүнү талап кылды

Депутат Бактыбек Чойбеков Кара-Балта шаарындагы абанын булганышына себеп болуп жаткан «Азия сталь» заводунун ишин текшерүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кара-Балтанын тургундары шаардагы туруктуу түтүнгө даттанып жатышат.
«Адамдар жайында да, кышында да булганган аба менен дем алып жатышат. Мындай кырдаалга “Азия сталь” заводунун ишмердүүлүгү да таасирин тийгизүүдө. Заводдун жетекчилиги шаар тургундарынын эч бир даттануусуна реакция кылбай жатат. Бул заводдон кээде түтүн чыгат, түнкүсүн сасык жыт тарайт, ошондой эле түн ичинде таштандылар өрттөлөт. Бул заводду ким калкалап жатат, элдин пикирине эмне үчүн маани беришпейт? Комиссия түзүп, заводдун экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык кандай иштеп жатканын аныктоо зарыл», — деди Бактыбек Чойбеков.
Ал кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эмес статистикасына ылайык, Кара-Балта онкологиялык жана өпкө ооруларынын деңгээли боюнча алдыңкы орунда турат.
«Конституцияда да ар бир адам жагымдуу жана коопсуз айлана-чөйрөгө укуктуу экени жазылган. Буга чейин Кара-Балтада абаны тазалоочу жабдуулар орнотулушу керек болчу. Бул маселе боюнча июнь айында эле Жаратылыш ресурстары министрлигине кайрылгам. Бирок долбоор азыркыга чейин ишке ашырыла элек», — деди депутат.
Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алмаз Мусаев «Азия сталь» боюнча материалдар прокуратурада экенин жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Кара-Балтанын тургундары айлана-чөйрөдөгү абаны маал-маалы менен өрттөнүп, түтүнгө бөлөгөн таштанды полигону да булгап жатканын белгилешүүдө.



