БШК президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана анын каражаттарын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитти

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин шайлоо фондун түзүү, ага түшкөн жана сарпталган акча каражаттарын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдун долбоору бекитилди.
Жобо Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер болуу ниетин билдирген жарандын, ошондой эле талапкерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банк мекемесинде атайын эсеп ачуу жана шайлоо күрөөсүн шайлоо фондунун каражаттарынан төлөө боюнча аракеттеринин тартибин аныктайт.
Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттардын түшүү булактары жана өлчөмдөрү, төлөмдөрдү жүргүзүү, акча берүүчүлөрдү идентификациялоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө, ошондой эле талапкерлердин финансылык отчеттуулугун тапшыруу тартиби жөнгө салынат.



