Коом

Лейлекте “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө

Лейлек районундагы жолдордун жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башкаларды өзүм билемдик менен орнотуп алган фактыларды аныктоо максатында Лейлек РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү тарабынан 2023-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Өткөрүлгөн иш-чаранын негизинде Лейлек РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде жарандарга протоколдор түзүлдү. Азыркы учурда соода-түйүндөрдүн, унаа оңдотуучу жайлардын, наабайканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button