Баткен облусунун Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы үйлөргө көчүштү

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылында 60 үй -бүлө жаңы үйлөргө көчүштү, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата чек арадагы жаңжалда жабыркагандар үчүн дагы 140 жаңы үйдү бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Максат айылы менен катар Арка, Интернационал жана Сада айылдарынын жабыр тарткан тургундары үчүн жаңы үйлөрдүн курулушу улантылууда. Жалпысынан Лейлек районундагы чек ара чатагы учурунда 100 үй өрттөлүп, анын 60ы толугу менен кайра курулуп, пайдаланууга берилген.
Мындан тышкары, чек арадагы айылдардын инфраструктурасына, ошондой эле жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга көңүл бурулууда. Жаңы үйлөр SIP панелдерден курулуп жатканы, алар бат жана көп убакытты талап кылбастан ижарага берилери такталды.

Үйлөрдүн сапаты Баткен облусунун климаттык шарттарына туура келери белгиленген. Буга чейин министрлер кабинети жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү үчүн 700 миллион сом бөлгөн.
Эске салсак, акыркы чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон, анын ичинде балдар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.



