Окуялар

Суусамырдагы жол кырсыктан 9 адам каза тапты. ФОТО

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала) каза болуп, 1 эркек жабыркаган. Учурда каза тапкан адамдардын өздүгу такталууда.

Жерине ӨКМдин КДМБнын 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтулгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button