Коом

«Унаа» ишканасынын кызмат акылары канча турат? ТИЗМЕ

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө максатында автоунаа каттатуу, кайра каттатуу жана башка документтерди алуу учурундагы кызмат акыларын эске салды.

Баалар төмөнкүдөй:

  • «Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймагында автоунааны текшертүү – 141 сом;
  • автоунааны токтоп турган жерине барып текшерүү – 140 сом (транспорттук чыгымдарды эске албаганда);
  • автоунаа боюнча маалымат базасын түзүү — 141 сом;
  • мамлекеттик номер берүү – 141 сом;
  • автоунааны каттоого же кайра каттоого алып, документтерин даярдап берүү — 141 сом;
  • Тракторист-машинист күбөлүгүн берүү боюнча кызмат акылары:
  • тракторист-машинист күбөлүгүн каттоо жана берүү – 135 сом;
  • транспорттук каражат жана айдоочулук күбөлүктү тастыктоочу документ – 142 сом;
  • айдоочулук күбөлүк берүү – 141 сом.

Кагаз документтердин баасы:

  • транспорт каражатын каттоого алуу – 192 сом;
  • улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк — 100,86 сом;
  • эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк — 52 сом;
  • техникалык паспорт – 43 сом;
  • мамлекеттик номердин акысы –  650 сом;
  • атайын техникалар үчүн мамлекеттик номердин акысы – 325 сом;
  • персонификациялоо үчүн кызмат акысы — 255 сом;

Баалар банктык кызмат акылары эске алынбастан көрсөтүлдү. Коррупциялык көрүнүштөрдү байкаган учурда жарандар 119 номерине кайрылса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button