Спорт

Лейлекте жети дубандын өкүлдөрү катышкан күрөш өтөт

Улуттук классикалык күрөш федерациясы республикалык деңгээлде, жети дубандын өкүлдөрүнүн катышуусунда күрөш өткөрөт. Бул тууралуу күрөш федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Лейлек районундагы Исфана шаарынын стадионунда атактуу палван, маркум Абдырахман Момуновдун жаркын элесине арналат.

Аталган мелдештин максаты Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарында жашаган элибизге кыргыздын каада-салтында болуп келген күрөш мелдешин тартуулап,  жаштарды мекенчилдикке чакырып, сергек жашоо образына үгүттөө болуп саналат.

Эске салсак,Лейлек районунда Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арнап байгелүү күрөш мелдешин өткөрүп келет. Акыркы 10 жылда жыл сайын 25-октябрда кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясый  ишмер, улуу инсан Исхак Раззаковдун жаркын элесине арнап Кыргыз Республикасынын күрөш чемпионаты өткөрүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button