Коом

Улан Ниязбеков өздүк курамдын алдына бир нече тапшырмаларды коюп, кынтыксыз аткарылуусун талап кылды

2021-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМнин жыйындар залында  ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, ишмердикти мындан ары чыңдап, өлкөбүздүн коопсуз өсүп-өнүгүшү үчүн жана заманбап чакырыктарга татыктуу туруштук берүү максатында алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча ички иштер министрлиги мындан ары 4 багытта иш алып барат деп билдирди.

Биринчи: Укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү менен заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу;

Экинчи: Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жарандардын ден-соолугуна, элдин социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюп, коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү;

Үчүнчү: Сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жана акыйкат тергеп,  калыс чечим кабыл алуу. Жарандардын арыз-муңдарын угуп, талабын канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу; 

Төртүнчү: Элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, берген антына бекем турган моралдык адеп-ахлактык абалы жогору кадрларды даярдоо, ишмердикте ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо, эскиден арылып, жаңы баскычтар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча жаңы ишмердикти ишке ашыруу.

Жогоруда аталган 4 багыт менен иш алып баруунун натыйжасында, сөзсүз түрдө ийгиликтерге жете алабыз.

Андыктан, 4 багыттагы ишмердик Ички иштер министрлигинен баштап, Айылдык милиция бөлүмчөлөргө чейин аткарууга алынуусу үчүн, бүгүнкү коллегиянын жыйынтыгы менен төмөнкү тапшырмалар коюлат:

Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратына:

1.            Башкы штабга жана тиешелүү кызматтардын, башкармалыктардын жетекчилерине — Элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдап, заманбап ишмердик жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча Ички иштер министрлигинин 4 багытын ишке ашыруу үчүн “Кадамдык иш-мерчем” түзүлүп, бардык ички иштер органдарына аткарууга жөнөтүлүп, көзөмөлгө алынсын.

Ар бир багыт боюнча аткарыла турган иштер жана алдыга коюлган максаттар так белгиленсин.

Жер-жердеги бардык жетекчилерге:

2.            Кызматкерлердин патриоттуулук сезимин көтөрүү максатында ар бир жуманын дүйшөмбү күндөрү мамлекеттик ГИМНдин коштоосунда, бардык ички иштер органдарында желек көтөрүү иш-чарасы өткөрүлүп турсун;

3.            Ар бир жуманын шейшемби күндөрү кызматкерлерди руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча атайын окутуулар уюштурулуп, таалим-тарбия иштери күчөтүлсүн;

4.            Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта ишмердик жүргүзүү үчүн, конкреттүү негизде “Бирге аткара турган иштер” боюнча иш-чаралар иштелип чыксын;

5.            Жер-жерде орун алган көйгөйлүү маселелер, анын ичинде эл арасында бир топ жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр аныкталып, ар турдүү митинг же нааразычылык акцияларын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жеринде чечүү иштери жүргүзүлсүн;

6.            Калкка тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлсүн, анын ичинде “Милициянын көчмө кабылдамаларынын” ишмердиги күчөтүлүп, ишмердиги көзөмөлгө алынсын;

7.            Коомго сервистик тейлөө көрсөтүүнү күчөтүп, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн, жеринде баардык иштөө жана жашоо шарты түзүлгөн, жаңы түстөгү ар бир мезгилге өзүнчө ылайыкташкан формасы, колунда заманбап планшети, көкүрөгүндө эл аралык талаптарга жооп берген боди-камерасы илинген, милициянын жаңы “элдик модели” боло турган участкалык инспекторлорду ишке киргизүү колго алынсын;

8.            Элдик участкалык инспекторлор, бир участокко бир инспектор деген принцип менен ишке ашырылып, шайлоо аймактарына карата бөлүнгөн элдин санына, географиялык шарттарга жараша 2 миң 420 участокко, 2 миң 420 участкалык инспектор ишке киргизилип, аларга берилген планшеттер жана боди-камералар аркылуу ишмердиги көзөмөлдөнсүн;

9.            Жол унаа кырсыктарын азайтуу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлсүн. Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында пропаганда иштери күчөтүлсүн;

10.          Оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, жабыр тарткан жарандарга жеринде биринчи жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлсүн;

11.          Элдин арыз-билдирүүлөрү боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иштери сапаттуу тергелип, чындык, акыйкаттуулук, келтирилген чыгымдарды өндүрүүгө аракеттерди көрүү деген принциптер менен иш алып барылсын;

12.          Кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча күнүгө өткөрүлгөн нускамаларда эскертилип, айтылып турсун. Пара алуу, уюшкан кылмыштуулукка аралашуу жана башка ички иштер органдарынын аброюна шек келтирген окуяларга аралашып, милициянын атын булгоо деген учурларга бөгөт коюлуп, жол берилбесин;

13.          Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлердин ишмердигине шарт түзүүгө карата имараттарды оңдоп-түзөө, кылмыштуулук же укук бузуулар орун алган участокторго “Милициянын аймактык пунктун”, “Айылдык, шаардык бөлүмчөлөрдү” курууга, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жакшыртуу боюнча видео-камераларды орнотуу боюнча иштерди алып барсын;

14. Элдин социалдык-турмуш тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарга, окуяларга бөгөт коюп, алдын алуу профилактикалык иштерди күчөтүп, көйгөйлүү кылмыштарды, окуяларды болтурбоо үчүн жер-жердеги координациялык кеңешмелерде карап, аны чечүү үчүн тиешелүү иштер аткарылсын;

15.          Милициянын аткарып жаткан жакшы иштерин толук  чагылдыруу максатында жана ошондой эле милициянын баркына шек жаратып, доомат айтылган учурларга жеринде төгүндөө, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн, республиканын аймагындагы ички иштер министрлигине тиешелүү бардык маалыматтар Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы менен макулдашылып басма сөз каражаттарына кабарланып турсун,- деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button